Экс-транспорт министри Жанат Бейшенов күтүлбөгөн жерден АКШга учуп кетти

Экс-транспорт министри Жанат Бейшенов күтүлбөгөн жерден АКШга учуп кетти

Мурунку транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов АКШга качып кетти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Жанат Бейшеновдун Кыргызстандагы акыркы кызматы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөсүнүн (министрдин) энергетика жана инфраструктура боюнча жардамчысы.

Бейшенов кеңсенин ачкычын жана жардамчынын күбөлүгүн АКШдан Кыргызстанга жөнөткөнү маалымдалды.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 16-январында министр Жаната Бейшенов Мамлекеттик автомобиль жолдору, суу транспорту жана көзөмөл агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин куугунтуктоону токтотуу үчүн 10 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>