Эксперт: Өлкөдө 1 кВт электр энергия 39 тыйын чыгымга учуроодо

Эксперт: Өлкөдө 1 кВт электр энергия 39 тыйын чыгымга учуроодо

Кыргызстанда 1 кВт электр энергиясынын баасы 1,77 сом, ал эми калк үчүн орточо тариф 1,38 сом. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өткөн тегерек столдо электр тармагындагы эксперт Батыркул Баетов билдирди.

Билидрүүгө таянсак, Кыргызстанда электр энергиянын тарифи 2001-жылдан бери өзгөргөн эмес. ГЭСте 1 кВт электр энергиясынын өндүрүү наркы 16 тыйын, электр энергиясын берүү 39 тыйын, бөлүштүрүү 52 тыйын, салыктар 12 тыйын, техникалык жоготуулар 15 тыйынды түзөт.

“1 кВт электр энергиясынын жалпы баасы 1,77 сом, ал эми орточо наркы 1,38 сом. Жалпысынан 39 тыйын чыгымга учурап жатат. Бул кандайча толукталат? Узак жана жеңил ссудалар алабыз деп уккандырсыз”, — деди ал.

Баетов өлкөдө кичи ГЭСтер тарифтин төмөн болгонунан өнүкпөй жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу боюнча сунушу бар экенин белгилеген.

Ошондой эле жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экенин кошумчалаган.

Суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштарды киргизген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>