Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы каза болду

Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы каза болду

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы — Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, Б.Жакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Көңүл айтуунун тексти мамлекет башчынын расмий сайтына жайгаштырылды.

«Сабира апанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайрат айтуумду, колдоо сөздөрүмдү кабыл алыңыздар. Мындан бир нече күн мурун эле Бексултан Жакиевдин дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды уктук эле, эми Сабира апа менен коштошуп жатабыз.

Бексултан ата менен Сабира апа узак жана бактылуу өмүр сүрүшүп, балдарын татыктуу тарбиялап, дээрлик бир мезгилде түбөлүк жайга кетишти. Сабира апа өмүр бою маданият тармагында иштеген боорукер, адептүү жана кең пейил адам эле. Ал үй-бүлөсүндө эле эмес, достору менен кесиптештеринин арасында да татыктуу урмат-сыйга ээ болгон. Ошондой эле жолдошу Бексултан Жакиевди ар дайым колдоп келгендигин белгилеп кетпесек болбос. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам! „, — деп белгилейт Президент Садыр Жапаров көңүл айтуусунда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>