Элчилик «күйөөм кууп чыкты» деген Москвадагы кыргыз келинди тапты

Элчилик «күйөөм кууп чыкты» деген Москвадагы кыргыз келинди тапты

Орусиянын Москва шаарындагы темир жол бекетинде жашоого аргасыз болгон кош бойлуу кыргызстандык келиндин видеосу социалдык тармактарда тараган. Анын видеосун муктаждарга бекер тамак уюштурган “Люди” бейөкмөт уюмунун волонтеру жарыялаган. Келин күйөөсү аны кууп чыкканын, документтерин жоготуп алганын айткан. Ошондой эле документтерин калыбына келтирүү үчүн элчиликке кайрылганын, бирок алар 10 миң рубль сурашканын билдирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери келинди  таап, анын абалы, ал айткан маалыматтарды текшерүүгө алышкан.

Элчиликтин консулу юристтер менен биргеликте, 31-октябрь күнү көрсөтүлгөн жаранды издөө үчүн Ярославский темир жол станциясына барган. Саат 14:00дө графикке ылайык үй-жайы жок адамдарга тамак-аш уюштурула турган жайга да барышкан.

Видеороликти тарткан «Люди» фондунун өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, түшүнбөстүк болуп кеткен. Кыргыз жараны болуп саналган кыздын тийиштүү документтери бар болгон жана элчиликке мурда кайрылган эмес.

Кыздын кайсы жерде жүргөндүгүн байкеси аркылуу аныктоого мүмкүн болгон. Кыздын жакын тууганы анын документтери, тагыраак айтканда паспорту бар экендигин тастыктап, видео таралып баштаганда байкеси Ярославский вокзалынан аны алып кетип, Москва шаарынын Люблино районундагы батирине жайгаштырган жана жакынкы рейс менен Кыргызстанга кетирүүнү көздөп жатат.

Кийинчерээк агасынын жардамы менен элчиликтин консулу келин менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөндө ал буга чейин элчилик менен байланышпаганын айткан. Кыздын беш айлык боюнда бар. Консул кызга ден соолук каалап, мекенге ийгиликтүү, аман-эсен жетип алуусуна тилектештигин билдирген.

Күбөлөрдүн айтканына караганда, 26 жаштагы кыргыз келин туура эмес жашоо образында жашайт. Мурда Москванын социалдык кызматынын жардамынан баш тарткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>