Электр энергиясына болгон жаңы тарифтер августка чейин бекитилет

Электр энергиясына болгон жаңы тарифтер августка чейин бекитилет

Жаңы тариф саясатын иштеп чыгууга жана аны кабыл алууга 2021-жылдын август айына чейин убакыт бар. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү тарифтик демилгелер сайтта коомдук талкууга коюлуп, ар бир жаран өз сунуштарын айта алат. Алардын бардыгы иштетилип, эске алынат, айрымдары кабыл алынат.

«Андан кийин гана долбоорлор өкмөттүн бекитүүсүнө сунушталат. Мыйзам талап кылган убакыт бүгүнтөн августка чейин», — деди Кубанычбек Турдубаев.

Министр кризистен чыгуу боюнча программа иштелип чыккандыгын белгиледи. Ал энергияны үнөмдөөгө негизделген. Ошол эле учурда, ал эгемендиктин бардык жылдарында энергетикалык тармакты саясий инструменттер менен жөнгө салууга аракет кылышканын белгиледи.

«Бүгүн биз мындай жөнгө салуунун терс натыйжасын көрүп жатабыз. Биз бул тармак иштеши жана өнүгүшү, экономиканын локомотиви болушу үчүн, кырдаалды өзгөртүүгө биринчи кадамды жасап жатабыз», — деп жыйынтыктады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>