Эльвира Сурабалдиева: Адал эт паркын курууда Нарын менен Баткенге артыкчылык берүү керек

Эльвира Сурабалдиева: Адал эт паркын курууда Нарын менен Баткенге артыкчылык берүү керек

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” тууралуу мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министри Санжар Мукамбетовдун айтымында, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.

“Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетиштик. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылат”, — деди министр.

Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт өкүлдөрүнө адал эт паркы жайгаша турган жерди тандаганда, Нарын жана Баткен облустарына артыкчылык берүү зарылдыгын белгиледи.

“Адал стандарты бизге өтө керек. Бул эки облус борбордон алыс жайгашкан. Ошондон улам, алар жаӊы жумушчу орундарына муктаж. Алардын инфратүзүмдөрүн да эске алуу керек”, — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>