“Эмгек”, КЭДП жана “Ак-Бата” Бишкек шаардык кеңешин кайра өтүүчү шайлоосуна катыша алат

“Эмгек”, КЭДП жана “Ак-Бата” Бишкек шаардык кеңешин кайра өтүүчү шайлоосуна катыша алат

Шайлоодон четтетилген партиялар жергиликтүү кеңештин кайрадан өтүүчү шайлоосуна катыша алат. Бул тууралуу “Репортёрго” Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, добуш берүү тилкелеринин үчтөн биринде мыйзам бузуу катталган учурда добуштардын жыйнытыгы дароо жокко чыгып, башынан шайлоо өткөрүү бекитилет. Мындан улам, Боршайком добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Эгерде биз партияны каттоодон четтетип койсок, анда ал кайрадан өтүүчү шайлоого катыша албай калат. Бишкекте партияларга карата андай чечим кабыл алынган жок. Буга байланыштуу “Эмгек”, “Ак Бата” жана КЭДП башка партиялар сыяктуу эле шайлоого катыша алат”, — деди Кайрат Осмоналиев.

Ал кошумчалагандай, шаардык кеңештин шайлоосуна кылмыш иш козголгон жана мурда шайлоо асытындагы үгүт иштеринде мыйзамдарды бузган талапкерлер гана катыша албайт.

Белгилей кетсек, 12-майда БШК Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алган. Ага чейин Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарлыган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>