“Эмгек” партиясы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

“Эмгек” партиясы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

“Эмгек” партиясы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт.

Урматтуу Кыргызстандын медицина кызматкерлери!

“Эмгек” саясий партиясы сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

Сиздердин кесип – кесиптердин эң сыймыктуусу жана ардактуусу. Кыргызстандын башкы байлыгы – анын эли. Ал эми элдин башкы байлыгы – алардын ден соолугу болуп саналат. Ошондуктан ден соолук – бул чоң бакыт. Ошол бакытты көп жылдарга сактап калууга сиздер – мээрман дарыгерлер көмөктөшөсүздөр. Анткени, адамдар дартка чалдыгып, оор учурга туш болгон учурда сиздер зор үмүт жана ишеним жаратып, адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден-соолугун коргоп, сактап калуу үчүн дайыма жардамга келип, оору сыркоодон сакаюуга шарт түзүп, кээде өмүрдү ажалдан арачалап каласыздар. Мындан улам өлкө турмушунда, элдин жашоосунда медицина кызматкерлеринин ээлеген орду өзгөчө чоң.

Учурда кызмат өтөп жаткан ак халатчан дарыгерлер, элдин саламаттыгы менен өмүрүнө ар күнү кам көрүп жаткан эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жооптуу эмгегиңер элибиздин дени сак, келечеги кең болуусуна арнала бермекчи деп ишенебиз.

Урматтуу медицина кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана чың ден соолук, бакыт-таалай, мекенибиздин жаш дарыгерлерин тарбиялоодо жана асыл ишиңизде ийгиликтерди каалайбыз! Мындан ары да жалаң жаратман эмгектин, заманбап өзгөрүүлөрдүн данакери болуп, жалпы журт кызыкчылыгы үчүн талыбай жана арыбай кызмат өтөй берүүңүзгө тилектешпиз. Жеңил колуңүздар, жигердүү аракетиңиздер аркылуу элдин алкоосуна арзый бериңиздер.

Сиздерди терең урматтоо менен, “Эмгек” саясий партиясы.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде «Эмгек» партиясы 4 деген номер менен катталган.
«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>