Эмгектин адамы. Жаныбек Абиров шайлоочулары менен чоң жолугушуу өткөрдү — сүрөт

Эмгектин адамы. Жаныбек Абиров шайлоочулары менен чоң жолугушуу өткөрдү — сүрөт

Бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров шайлоочулары менен чоң жолугушуу өткөрдү.

Аталган иш-чарага Жаныбек Абировдун Ленин районунан шайлоочулары жана тарапташтары чогулду.

Жаныбек Абиров алдыдагы шайлоону жаңы система менен өтөөрүн жана ошондой эле бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланарын айтты.  Бул система ачык система: партиялык тизме менен  өткөрүлгөндөгүдөн айырмаланып, депутаттар мурункуга караганда алда канча элге жакын болот. Мында шайлоочулар кимге добушун бергендигин билип, өлкөдө болуп жаткан кырдаалдар үчүн кимди суракка аларын билет.

«Үгүттөө иштеринин биринчи күнүнөн тарта командабыз менен жан үрөп иштеп жатабыз. Райондун жашоочулары менен көптөгөн жолугушууларды өткөрдүк. Талапкерлигимди жөндөн жөн коюп жатпагандыгымды түшүндүм. Коомчулук үчүн менин идеаларым чындап пайдалуу болоруна көзүм жетти. Ушул жумаларда болуп өткөн нерселер өзүмө болгон ишенимди бекемдеди, — деди Жаныбек Абиров.

«Ленин району Бишкек шаарындагы эң чоң район. Ал өзүнө көптөгөн кичи райондорду, калктуу конуштарды жана кварталдарды камтыйт. Районго мектептер, бала бакчалар, медициналык пунктулар, спорт залдар жана жогорку маяналуу жумуш орундар жетишпейт. Көптөгөн кварталдарда коомдук транспорт жана канализация жетишсиз. Улуу муун пенсиянын жогорулашына муктаж. Бул маселелердин чечилишин биз жакшы билебиз. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсам, коомдук кабылдама түзүп, парламенттин трибунасынан сиздердин көйгөйлөрдү айтып турам. Депутат элдин жолдошу жана шериктеши болушу керек. Алардын үнүн угуп, элдик депутат деген өзүнүн статусун акташы зарыл деген Жаныбек Абиров – Беш жылдын ичинде көп нерсеге жетишүүгө болот, — деди. Шайлоону четке какпай, провокацияга алдырбай жана добушуңуздарды сатпоону суранам». 28-ноябрда шайлоого келип, мага добуш берүүңүздөрдү өтүнөм» — деди ал.

Жаныбек Абировду анын тарапташтары, жергиликтүү активисттер жана жөнөкөй шайлоочулар колдошту.

«Элде маселе көп. Бардыгы кымбаттап жатат, жашоо оор. Жаркын келечекке болгон үмүт бараткандай. Мурдагы депутаттар өздөрүн көрсөттү. Эми Жаныбек Абиров сындуу жаш, демилгелүү адамдарга жол бошотуу керек! Мен аны бир нече жылдан бери билем. Ал чыныгы лидер! Тарбиялуу, акылдуу. Ал элдин мүдөөсүн түшүнөт», — дейт Бишкек шаардык кеңешинин экс-төрагасы Кубат Мусаев.

«Жаныбек Абиров – жылдыздуу харизматикалык, билимдүү, ак ниет талапкер. Иш билги! Ар дайым мекенчилдиги жана адамдарга жардам берүү каалоосу менен башкалардан айырмаланып турат. Ал буга чейин коомго бир топ пайдалуу иш жасады. Жогорку Кеңештен мындан да арбын жумуштарды жасайт. Азыр өзгөрүүнүн мезгили. Эгерде биз өнүккөн өлкөдө жашап, балдарыбыз ушул жерден ийгиликке жетсин десек, Абировго добуш берели», — деп сунуштады шайлоочу Эрмек Усубалиев.

«Биздин округдан башка талапкерлерди билбейм. Алар көрүнбөйт. Абиров болсо үгүт маалында калк менен бир топ иштерди жүргүзөт. Ал көптү билет жана колунан чоң иштер келет.

Депутаттыкка элим үчүн бара жатам дейт. Мен ага ишенем. Ал үчүн ар-намыс жана кадыр-барк жөн эле куру сөз эмес», — дейт дагы бир шайлоочу.

«Менин оюм боюнча, бул шаарыбызда акыркы жылдары өтүп жаткан шайлоонун бешинчиси. Абировдун программасы менен тааныштым жана бул мен көргөндөрдүн ичинен эң сабаттуу жазылган программа деп айта алам. Карапайым калкты эмне түйшөлтүп жатканын чындап түшүнөт. Башкалардан айырмаланып, ал Ленин районун жана борбор шаарды кантип өнүктүрүү керек экенин так-таасын билет. Акылдуу жана келечеги кең талапкер. Менин тандоом айдан ачык – бул Жаныбек Абиров», — дейт шайлоочулардын бири.

Жолугушуу Жаныбек Абиров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп турганда курулушу башталган «Ынтымак 2» сейил багында өттү.

«Карагылачы, айлананын кооздугун! Акыркы жылдары шаарыбыз байкаларлык түрдө өзгөрдү, бул Абировдун эмгеги. Жогорку Кеңешке барса кандай жакшы иштерди жасай турганын эмитен эле элестетип турам. Бизге Абиров керек! Биз №9га добуш беребиз!», — деди дагы бир шаар тургуну.

Иш-чара бардык санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин  депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Жаныбек Абиров №9 менен катталган.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбекович.

Нускасы: 1даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 22-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>