Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын атын өзгөртүүнү сунуштады

Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарынын атын өзгөртүүнү сунуштады

Саясатчы Эмилбек Каптагаев борбор калаа Бишкектин атын алмаштыруу керек деген пикирин айтып чыкты.

Ал өз сунушун «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ал ойдон чыгарылган каармандын атынан  борбор калааны атоо туура эместигин,  андыктан  аны «Манас» шаары деп атын өзгөртүү керектигин жазган .

«Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт… Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз… Азыр деле Алайбек, Таласбек, Чаткалбек, Нарынбек, Жумгалбек … деген ысымды алып жүргөн канчалаган киши бар, анан кийин ошолордун урпактары биздин бабабыздын атынан өрөөнгө ат коюлган деп чыкса болбойт да… Негизи Чүйдөгү жер-суунун аттары Кара-Балта, Сокулук, Бишкек, Токмок деп бир логика менен аталганы бекер жерден эмес, кыргыз эли жөн эле атай бербейт эле. Анын үстүнө жазуучу Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, 1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен «Бишкек жомогун» ойдон чыгарып жаза салдым эле деп… Эми минтип «Ордо калааны негиздөөчү» катары ташка чеккен таптакыр натуура иш… Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу керек, өтө тереңдетпей. Негизи эле ары бери талашпай Ордо калааны «Манас» деп койгонубуз туура. Ушул маселени 11-апрелде боло турган референдумга конституция мене кошо чыгарса да туура болот, Ордо калааны Манас деп атоого элди пикирин сурап. Болбосо Шагапова деген жазуучу жазган жомоктун каарманы, ошонун атынан Ордо калаабыз Бишкек деп аталат дегендин өзү уят, шаарыбыздын аты фейк деп кантип айтабыз», — дейт Каптагаев.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>