“Израилди эсине келтирүү”. Эрдоган Жапаров менен палестин-израиль жаңжалын талкуулады

“Израилди эсине келтирүү”. Эрдоган Жапаров менен палестин-израиль жаңжалын талкуулады

Кечээ, 13-майда Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда өлкө башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкуулашкан. Мамлекет башчылары жалпы мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт менен бири-бирин куттуктап, Кыргызстан менен Түркия элдерине гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалашкан. Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга моралдык жана гуманитардык колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларда жабыр тарткан Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдиргени үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгилеп, боордош Түркия элинин атынан алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айткан.

Түркиянын президентинин маалымат кызматы да эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшкөнүн кабарлады. Алар бири-бирине айткан жылуу куттуктоодон сырктары, Палестина менен Израилдин ортосундагы куралдуу жаңжалдын кручуганын кошумчалаган. Эрдоган Аль-Акса чеитине кол салып жаткан “Израилди эсине келтирүү” үчүн эл аралык сунуштарын жибергенде жанында Кыргызстанды көргүсү келгенин билдирген.

Палестина менен Израилдин ортосундагы абал 10-май күнү кечинде курчуп кеткен. Бир суткада 300 палестин жаракат алып, 400дөй үй жабыркаган. Ошондой эле Израилдин да шаарлары да аткылоого кабылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>