Эреже: 3 миң сомдук көмүрдү кантип алса болот? (ВИДЕО)

Эреже: 3 миң сомдук көмүрдү кантип алса болот? (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын Мурманск 1Б дарегинде жайгашкан көмүр базага 9-январь күнү 7 вагон көмүр келди. Бул туурасында аталган базанын ыктыярчысы Кайрат Уланбек уулу Reporter.kg′ге билдирди.

Анын айтуусунда, 2021-жылдын 31-декабрь күнү базага Кара-Кечеден көмүр алып келүү токтоп калган. Бирок, Бишкек ЖЭБинен келе жаткан көмүрдөн да база алып келип жатты. 8-январдан тарта көмүр келе баштады. Ал күнү 6 вагон көмүр келген. Вагон 58-62 тоннадан келип жатат. Алгач Балыкчыга чейин унаалар менен алып келип, андан соң вагон менен ташылып келүүдө.

Уланбек уулунун билдиришинче, ушул тапта 4-декабрда кезекке тургандарга эми гана көмүр колдоруна тийүүдө. Азыр 5 миңден ашыгыраак эл кезекте турат. Элге тез аранын ичинде көмүрдү таратуу үчүн атайын техникалык каражаттар менен Манас аэропорту жактагы айылдарга, Жайыл районунундагы айылдарга чейин 3 миң сомдук көмүрдү таратып жатышыптыр.

Муну менен катар Уланбек уулу көмүр таратуу тыкыр көзөмөлгө алынып, атайын эрежелер менен жүзөгө ашып жатканына токтолду.

Алгач кезеги келген жаран тор дарбазадан паспортун көрсөтөт. Ал өздүгүн тактагандансоң гана анын унаасы базанын ичине кирет. Унаасын таразага түшүрүп, көмүр салынгандан соң таразага тартылып, кайрадан базадан чыгып бара жатканда атайын квитанция көрсөтүлөт. Ал кагазда “канча көмүр, канча акча төлөдү” – деген суроолорго жооптору бар. Бардыгы туура дегенден кийин акырында мөөр басылып, сыртка чыгарылат” – деди.

Бишкек шаарында жалпы 3 базада арзан көмүр сатылып жатат. Күн сайын Мурманск 1Б дарегиндеги базада 250-300 тонна көмүр элге берилүүдө. Башка даректерде да ар кандай көлөмдө. Негизинен көмүр келээри менен толугу менен сатылып кетип жатыптыр. Президент Садыр Жапаров көмүрдүн баасы кескин өсүп кеткендигине байланыштуу, өкмөттүк жана ыктыярчылардын техникалары менен Кара-Кечеден көмүр ташып келип, 3000 сомдук көмүрдү элге саттыра баштаган болчу.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>