Эркектик уругун донор катары берген дарыгер зордуктоого айыпталды

Эркектик уругун донор катары берген дарыгер зордуктоого айыпталды

Жасалма жол менен бойго бүтүрүү процедурасынан өткөн Американын Нью-Жерси штатынын тургуну көп жылдардан кийин дарыгери сперма донору экенин билип, аны «медициналык зордуктоого» айыптаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

1983-жылы Бьянка Восс жасалма уруктандыруу процедурасы боюнча Нью-Йорктогу акушер-гинеколог Мартин Гринбергге кайрылган.

“Мага белгисиз бирөө донор болсун деп ойлогом”, — деген аял. — Ал: «Донор еврей болсо каршы эмессизби?», — деген. — Мен: «Жок» деп жооп бердим, ошону менен бүттү. Оорукананын медициналык факультетинин кайсы бир студенти донор болушу мүмкүн деп ойлогом. Андан кийин дарыгер донорго төлөп берүү үчүн 100 долларга чек жазып берүүмдү айткан”, — деген арыз ээси.

Бойго бүтүрүү ийгиликтүү болуп, 1984-жылы Восс балалуу болгон. Ал эми 2020-жылы күзүндө, 36 жашка чыккан кызы генетикалык тесттен өтүп, атасы Флоридада жашаган Мартин Гринберг экендигин аныктаган.

 

Жабырлануучу мун билгенден кийин тынчсызданганын жана өзүн жаман сезгенин айткан. Ал сотко кайрылып, компенсация өндүрүп берүүнү суранган.

Гринбергдин жийиркеничтүү жана жаман аракети этикага туура келбейт, мыйзамсыз жана жат көрүнүш», — деген анын жактоочусу Жейсон Кейн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>