Эркин Рыскулбеков: Президент кемчиликтерди оңдоого убада берди

Эркин Рыскулбеков: Президент кемчиликтерди оңдоого убада берди

Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар тарабынан айтылган сын-пикир жана сунуштардын 90 пайызын кабыл алып, кемчиликтерди оңдоого убада берди. Бул тууралуу активист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков “Репортерго” билдирди.

Активисттин айтымында, өлкө башчысы менен жолугушууга 12 демилгечи катышкан жана 40тан ашык суроолор берилген.

“Жеке суроолордон баштап, системдүү суроолорго чейин берилди. Суроолордун көбү сунуш түрүндө болду. Бабур Төлбаев сыртан келген каражаттардын ачык отчетун жарыялоо, медиктерге колдоо көрсөтүү  жана алардын айлыгын көтөрүү үчүн каражат табуу боюнча сунуш айтты. Урмат Насыкулов сын-пикир айткан активисттерди куугунтуктабай аларга ыраазычылык билдирип, тескерисинче аларды колдоо керектигин айтты. Анжелика Бекболиева жеке дарыканалар бааларды көтөрүп жатканын жүйө келтирип, социалдык дарыкана ачуу сунушун берди. Айзада Жамгырчиева ушул сыяктуу жолугушууну 200гө жакын киши менен онлайн өткөрүү боюнча сунуш киргизди.

Мен отчет боюнча кимдер жоопкерчиликке тартыларын сурап, улуттук аза күтүү күнүн өткөрүүнү сунуш кылдым. Ошондой эле Гүлшат Асылбаева демилгелеген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамга  кол койбоого чакырдым.

Президент берилген сунуш пикирлердин 90 пайызын позитивдүү кабыл алып, кемчиликтерди моюндады жана аларды оңдоо боюнча ишендирип кетти. Бирок бажыдагы жеңилдетүү же сырттан келген жардамдарды салыктан бошотуу сыяктуу  маселелерде өлкө башчысы өзүнүн сын пикирлерин айтты», — деди Рыскулбеков.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июлда коронавирус менен күрөшүүгө салым кошуп жаткан ыктыярчы топтордун өкүлдөрү менен жолугушту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>