Эртең Текебаев менен Чотоновдун соту жабык өтөт

Эртең Текебаев менен Чотоновдун соту жабык өтөт

Эртең саясатчы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнул Чотоновдун ишин кайра кароо Биринчи Май райондук сотунда жабык өтөт.

Бул туурасында Репортер агенттигине раойндук соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова билдирди.

“Соттук отурум 29-августь күнү саат 14:00 гө белгиленген. Жактоочу жана айыптоочудан башка эч ким киргизилбейт”, — деди басма сөз катчы.

Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>