Эртеңден баштап “Манас” аэропортунда чектөөлөр кирет

Эртеңден баштап “Манас” аэропортунда чектөөлөр кирет

Эртең, 17-апрелден тарта эл аралык “Манас” аэропортунун бардык аэробекет комплекстеринин аймактарына чектөө чаралары киргизилет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Соңку кезде өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлашы, коронавирус инфекциясын жуктургандардын санынын өсүшү жана Кыргызстандын Башкы мамлекеттик санитардык врачынын көрсөтмөсүнө ылайык, “Манас” аэропортунун бардык аэробекет комплекстеринин аймагына 17-апрелден тартып COVID-19 илдетин жугузуу жана жайылтууну алдын алуу иш-чаралары күчөтүлөт.

Төмөндө чектөөлөрдүн тизмегин беребиз:

— саат 00.00дөн 07.00гө чейин “Манас” аэропортунун” бардык аэробекет комплекстерине олуттуу тиешеси жок адамдар, анын ичинде узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн чектөө киргизилет. “Манас” аэробекет комплексине авиажүргүнчүлөр авиабилети болгон учурда гана киргизилет.

— адистер тарабынан учуучу жана конуучу авиажүргүнчүлөрдү термометрлик текшерүү, дене табын өлчөө иштери күчөтүлөт.

— авиажүргүнчүлөрдү узатуучу жана тосуп алуучуларга, аларды күтүүдө ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн, аэробекет комплексинин жанына отургучтар орнотулат.

«Манас» аэропорту авиажүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн аэропорттун аймагына коргоочу медициналык беткап менен кирүүсү жана каттоочу зоналарда, учуу алдындагы текшерүүдөн өтүү жайларында 1,5 метр аралыкты сактоо маанилүү экендигин эскертет.

«Урматтуу жүргүнчүлөр, шартка ылайык, бул чектөө чаралары сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн кабыл алынды. Эрежелерди сактап, ден соолугуңуздун сак болушуна кам көрүүңүздү өтүнөбүз.

Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” аэропорту (“МЭА” ААК) авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатуу менен да алектенбейт! Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат», — деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>