Европалык даары-дармектер агенттиги “sputnik V”  вакцинасын катоого мүмкүндүк берди

Европалык даары-дармектер агенттиги “sputnik V”  вакцинасын катоого мүмкүндүк берди

Европалык даары-дармектер агенттиги (ЕМА)  россиянын “sputnik V”  вакцинасын катоого мүмкүндүк берди: “Бул даары боюнча илимий кенештер аяктады”. Бул тууралуу РИА новостиге аталган агенттиктин жөнгө салуу бөлүмү билдирген.

«Кийинки кадам катары, компания маркетинг уруксаты үчүн арыз даярдай алат»- деди ал, Н.Ф. Галилей атындагы Эпидемиология жана Микробиология Улуттук изилдөө борборуна шилтеме берип жатып.

EMA Европа базарларына “Sputnik V” вакцинасынын тастыкталган уруксат кагазын күтүп жатат. Агенттиктин маектешинин айтымында, ушул этапта бекитүү канча убакытты талап кылаарын так айтуу мүмкүн эмес. Европа Бирлиги вакцинаны ЕМА тастыктаганга чейин эле орусиялык дарыны борборлоштуруп сатып алууну макулдашкандыгы белгиленди.

“Sputnik V” адамдын аденовирусунун негизинде дүйнөдө биринчи катталган вакцина. Учурда орусиялык илимпоздордун бул эмгеги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) тизмесиндеги эң мыкты вакцинага талапкерлердин катарына кирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>