Фейк! Садыр Жапаров көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөө боюнча жарлыкка кол койгон жок

Фейк! Садыр Жапаров көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөө боюнча жарлыкка кол койгон жок

Социалдык тармактар ​​жана WhatsApp мессенджери аркылуу президент Садыр Жапаров үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө үй-бүлөнүн кирешесин текшерүүнү эске албай, 3000 сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул төлөп берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон деген маалыматтар тараган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы соцтармакта тарап жаткан жөлөкпул боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Аталган министрлик жарандардан жалган маалымат таратпоону жана коомчулукту адаштырбоону суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>