Финпол башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев кармалды. Ал Жээнбековдун тууганы дешүүдө

Финпол башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев кармалды. Ал Жээнбековдун тууганы дешүүдө

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн алкагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, Каржы полициясынын майору Айбек Токоевди кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылдан бери ЖАМК органдарында жетекчи кызматтарда иштеп турганда, Айбек Токоев Ош жана Бишкек шаарларында жакын туугандарынын каттоосунда турган 15тен ашык кыймылсыз мүлккө ээ болгону аныкталды.

Мындан тышкары, Токоевдер Ош шаарына 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна олуттуу каражат жумшашкан.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Айбек Токоевдин кыймылсыз мүлк жана каржылык активдеринин жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат, бул анын мыйзамдуу кирешесине туура келбейт.

2021-жылы 18-январда Токоев кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Айбек Токоевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоого, ошондой эле алардын болжолдуу наркын аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин мыйзамсыз иштери, ири байлыктары тууралуу иликтөө жасаган болчу.

12-январда Токоевге мыйзамсыз баюу боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылганын УКМК кабарлаган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>