Финпол бирдиктүү эсепке дагы 40 млн сомго жакын акча которду

Финпол бирдиктүү эсепке дагы 40 млн сомго жакын акча которду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 39 миллион 735 миң сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан аталган мекеме бирдиктүү депозиттик эсепке 795 миллион 488 миң сом которгон.

Мекемеден билдиришкендей, бул акчалар экономикалык жана кызматтык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>