Финполдун жетекчиси: Баскынчыларга каршы туруштук берүүгө 300 офицер даярбыз

Финполдун жетекчиси: Баскынчыларга каршы туруштук берүүгө 300 офицер даярбыз

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын убактылуу жетекчиси Жоомарт Султанов кайрылуу жасап, чек арадагы чырга байланыштуу мурдагы министрликтин 300 кызматкери Баткенге барууга даяр экенин билдирди.

Мындай маалыматты мекеменин мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев таратты.

Төмөндө кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз:

“Урматтуу, Башкы Командачы Садыр Нуркожоевич!

Финансы полициясынын жамааты сизден уруксаат сурайбыз. Финполиция жоюлуп кеткенине карабастан Финполдун толук жамааты Баткенге барып элибиздин тынчтыгы үчүн, өз жаныбызды аябастан барып баскынчыларга каршы туруштук берүүгө 300 офицер чыгып кетууго даярбыз.

Финполициянын өздүк курамы, штаб, спецназ, оперлер, тергөөчүлөр жана башка офицерлер баарыбыз элибиздин, жерибиздин, мамлекеттибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн турууга милдеттүүбүз.

Уруксаат бериниз жолдош президент. Финпол толук ликвидация боло элек, ошол себептен бизге курал жарактарын кайтарып беришсе, биз Баткенге чыгып кеткенге даярбыз.

Справка үчүн, бул сообщенияны Финполдун убактылуу жетекчиси Султанов Жоомарт Амановичтен келген.

Бул пост пиар учун эмес, мен пиарга муктаж эмесмин”, — деп айтылат билдирүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>