Финполиция: Балыкчыга камера орнотууда 3 млн сомду кымырып алышкан

Финполиция: Балыкчыга камера орнотууда 3 млн сомду кымырып алышкан

Мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын зыян келтирүү фактысы боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, “Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу” долбоорун ишке ашырууда жумуштун наркын жогорулатуу фактысы аныкталган.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен “Н.С” ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммадагы келишим түзүлгөндүгөн.  Объект боюнча аппараттык-программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аталган аппараттык комплекстер 2 миллион сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган.

Ошондой эле, аткарылган жумуштардын актысынын жалпы наркы КНС менен кошо көрсөтүлөт, ал эми “Н.С” ЖЧКсы жумуш тапшырылган учурда КНС төлөөчү болгон эмес жана аткарылган жумуш үчүн салыктын бул түрүн төлөгөн эмес.

Муну менен аталган ЖЧК мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын зыян келтирилген. 

Учурда, кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>