Финполиция: “Ош Электр” ААКтын жетекчилери казынага 30 млн сом зыян келтирген

Финполиция: “Ош Электр” ААКтын жетекчилери казынага 30 млн сом зыян келтирген

“Ош Электр” ААКтын жооптуу адамдары мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашуун зыян келтиришкен. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Ош Электр” ААКтын жооптуу адамдары Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, аянты 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, аянты 619,66 чарчы метрди түзгөн административдик имаратты сатышкан.  Энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышканы аныкталган. Бул болжолдуу 100 миң АКШ долларын түзөт. Бирок ошол учурда ушул сыяктуу жер участогунун орточо базар баасы 1 сотук жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Муну менен “Ош Электр” ААКтын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Буга байланыштуу,  ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Ош Электр” ААКга карата сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>