Фонограмма! Динара Акулова кыргыз элинен кечирим сурады (ВИДЕО)

Фонограмма! Динара Акулова кыргыз элинен кечирим сурады (ВИДЕО)

Белгилүү ырчы Динара Акулова  өзү туурасында тарап жаткан видео боюнча үн катты. Ал инстаграм баракчасы аркылуу жалпы кыргыз элинен кечирим сурады.

Урматтуу кыргыз элим, күйөрмандарым, досторум интернет баракчаларында видео тарап жатат. Атайын, мындай болушу мүмкүн эмес. Бул дагы кырсык. Бирөөнүн көңүлү деп, сыныгын байкабай жыгылып кеттим. Бир кылмышкерди, сойкуну кармагандай эле блогерлер, катталуучуларын көбөйтүш үчүн ызы-чуу кылып чыгарып жатышат. Биз ырдап чыкканда фонограмма болгон эмес, азыр да ырдан коркпойбуз… Өмүр боюу чын жүрөгүм менен ырдап келгем. Ал менин ырым, ал менин үнүм…”-деп пост жазган.

Буга чейин социалдык тармактарда кайсы бир кечеде видео тараган. Ал видеодо Динара Акулова ырдап жатып кулап кетет. Бирок, кулаганына карабай ыр кете берген. Мындан улам фонограмма менен ырдап жатканы байкалып калган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>