Футбол боюнча өлкө чемпиондугу марттын жарымында башталат

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу марттын жарымында башталат

Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасы 17-мартта старт алат. Бул тууралуу Кыргыз кесипкөй футбол лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы да өлкө чемпиондугунда 8 команда күч сынашат. Ал эми беттештердин календары марттын башында белгилүү болот.

Эске салсак, өткөн жылы “Дордой” командасы өлкө чемпиону атыкса, “Алай” Кыргызстандын кубогун жеңген. Быйылкы жылы бул эки команда өлкө атынан АФК Кубогунда ойнойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>