Футбол: быйыл өтүүчү Евпропа чемпиондугунун расмий ыры тартууланды

Футбол: быйыл өтүүчү Евпропа чемпиондугунун расмий ыры тартууланды

Футбол боюнча Евро 2020 турниринин расмий ыры жарыяланда.

Ыр We are the people («Биз — элбиз») деп аталат. Аны голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышкан.

«Жаңы ырымды тартуулай турган күн дагы келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот», — деген Гаррикс.

Белгилей кетсек, Европа чемпиондугу 2020-жылы өтмөк, пандемияга байланыштуу турнир 2021-жылга жылдырылган.

Турнир быйыл 11-июндан 11-июлга чейин Европанын 11 шаарыда өтөт. Алар: Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>