Футбол: Европа Суперлигасы башталбай жатып ишин токтотту

Футбол: Европа Суперлигасы башталбай жатып ишин токтотту

Европадагы бир катар алдыңкы клубдар Суперлига турнирине катышуудан баш тарткандыктан мелдеш токтотулду. Бул тууралуу аталган уюмдун уюштуруучулары билдирди.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Европанын Суперлигасык континенттеги мыкты 20 клубду бир лигага чогулткан долбоор болгон. Алгач «Манчестер Юнайтед», «Арсенал», «Челси», «Тоттенхэм», «Манчестер Сити», «Ливерпуль» (баары – Англия); «Реал Мадрид», «Барселона», «Атлетико» (баары – Испания); «Интер», «Милан» жана «Ювентус» (баары – Италия) жаңы мелдеш Суперлига уюшулганын жар салышкан.

Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 12 командага дагы үч клуб кошулуп, 15 командага жыл сайын мыкты делген дагы 5 команданы чакрып турары пландалганы айтылган.

Мындай демилге Дүйнөлүк футбол уюмун(ФИФА), Европа футбол ассоциацияларынын союзун (УЕФА), улуттук лигалардын, атактуу футболчулардын, машыктыруучулардын жана көпчүлүк күйөрмандардын нааразычылыгын жараткан.

Суперлиганы түзүүгө макулдук берген айрым клубдардын күйөрмандары 20-апрелде команданы мелдешке катышуудан баш тартууга чакырып митингге чыгышкан.

Англиялык «Манчестер Сити» жана «Челси» клубдары алгачкылардын болуп жаңы уюмдан баш тарткан. Кийинчерээк мелдешти уюштурууга катышкан англиялык алты клубдун баары уюмдун катарынан чыгарын расмий жар салышты.

Журналист Роб Харрис өзүнүн Twitter баракчасына Суперлига мелдеши токтотулганын жазып чыкты.

«Англиялык клубдардын кысым астында ушундай чечим кабыл алууга аргасыз болгонун айтканына карабастан, биздин сунуш европалык мыйзамдарга жана эрежелерге толук дал келет деп ишенебиз. Учурдагы шарттарды эске алып, бүтүндөй футбол коомчулугун кызыкчылыгын ар дайым башкы орунга коюу менен биз долбоорду өзгөртүүнүн мүмкүн болушунча ылайыктуу жолун караштырабыз», — деген Харрис.

Супрелиганын ийгиликсиз долбоорунан кийин, негиздөөчү катары чыккан  “Ювентус” командасынын жетекчиси иштен кетип, “Манчестер Юнайтеддин” башкаруучуларынын бири Эд Вудворд кызматынан кеткен. Ал “Реал Мадрид” командасынны президентти Флорентино Перестин отставкага кетүүсү талап кылынууда.

Ал эми Суперлиганын расмий өкүлдөрү учурдагы абалга байланыштуу тийиштүү чечимдерди кабыл алынарын жар салган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>