Футзал: Кыргыз калысы Өзбекстан — Аргентина курамаларынын беттешин тейлейт

Футзал: Кыргыз калысы Өзбекстан — Аргентина курамаларынын беттешин тейлейт

Кыргызстандык футбол калысы Нурдин Букуев Өзбекстан — Аргентина курамаларынын жолдоштук беттешин тейлейт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-3-февралда Ташкентте футзал боюнча Өзбекстан жана Аргентина курамалары жолдоштук беттеш өткөрөт. Аны тейлөөгө Өзбекстандын футзал ассоциациясы ФИФАнын калысы Нурдин Букуевди чакырган.

Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерди тейлеген, ФИФАнын калыстар тизмесиндеги жалгыз кыргызстандык адис.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>