Галина Байтерек иштен алынып, жаңы кызматка дайындалды

Галина Байтерек иштен алынып, жаңы кызматка дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык,  Кыргыз Республикасынын президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Эрбол Султанбаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды;

— Муса Жаманбаев — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды;

— Анарбек Калматов — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Алмасбек Абытов — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Медер Жусупов — Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык сотунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Нурай Марс – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Махамаджан Иминов – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Адыл Естебесов – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Замирбек Базарбеков – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Дастан Дюшекеев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Айбек Айдарбеков – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Жетиген Бакиров – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Акылбек Орозалиев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Жаныбек Жалалов – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Алтынбек Керимжанов – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Санжар Мурзаканов – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Аскат Беков– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Жанузак Абдыкалыков– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Алымкул Кулуев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

—  Азамат Оморов – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Азат Узаков – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Таалай Байтереков – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Максат Усубалиев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Галина Байтерек – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Кудайберген Базарбаев – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун  институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча  бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

—  Чолпон Абдрахманова – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Канцеляриясынын начальниги болуп дайындалды;

— Абдысадыр уулу Азат –  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Жанна Рахматова – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемелери менен:

— Улугбек Шукурбеков — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды;

— Таалайбек Апенов — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды;

—  Жылдыз Сманбаева — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.

 

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Алмаз Мамбетов Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык:

— Мирбек Мамбеталиев Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды;

— Эмил Шерматов Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>