Гиннеске кирүү үчүн Дөөлөт Сыдыков тынымсыз 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты

Гиннеске кирүү үчүн Дөөлөт Сыдыков тынымсыз 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты

12-ноябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн, тынымсыз, суу да ичпей 14 саат 27 мүнөт 51 секунд «Манас» айтты.

Борбордук аянтта иш-чараны ачуу аземи саат 9.00дө башталган. Аянтта беш метр бийиктикте айнектен жасалган боз үй коюлган. Анын ичинде Дөөлөт Сыдыков токтобой, тынымсыз «Манас» айтып, сырттагы эл да укту. Сырттагы элге жакшы угулуу үчүн үн аппараттары коюлган болчу.

Манасчыны колдоого маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, маданияттын бир топ өкүлдөрү, журналисттер жана шаар тургундары аянтка барышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>