Голливуд актрисасы Инстаграмда 6 миллион катталуучуну бир күндө топтоду. Кантип?

Голливуд актрисасы Инстаграмда 6 миллион катталуучуну бир күндө топтоду. Кантип?

Голливуд актрисасы Женнифер Энистон Инстаграм социалдык тармагына баракча ачып, бир күндө 6 миллион катталуучу топтоду. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Актриса «Достор» телесериялында башкы ролду ойногондор менен бирге түшкөн сүрөтүн баракчасына жүктөп, аларды белгилеген да : «Биз эми  Инстаграмда доспуз. Салам Инстаграм», — деп жазган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

And now we’re Instagram FRIENDS too. HI INSTAGRAM ??

Публикация от Jennifer Aniston (@jenniferaniston)

Басылманын маалыматына караганда, анын баракчасына бир саат ичинде 116 миң колдонуучу жазылган. Көп өтпөй техникалык катачылык пайда болуп, актрисанын баракчасы бир нече убакыт ачылбай калган. Бир суткага жакын убакыт өткөн соң Женнифердин баракчасына 6 миллиондон ашык адам жазылган. Анын кечээ жүктөгөн жалгыз сүрөтүнө 8 миллион 300 миң адам лайк баскан.

«Достор» сериалы Нью-Йорк шаарынын 6 тургуну тууралуу. Фильм 1994-2004 жылдар аралыгында көрсөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>