Ханыша Елизавета II 95 жылдык мааракесин белгилөөдө

Ханыша Елизавета II 95 жылдык мааракесин белгилөөдө

Ханыша Елизавета II 95 жылдык мааракесин жолдошу, ханзаада Филиппке байланыштуу аза күтүү менен белгилейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 9-апрелде  жолдошу Эдинбург герцог Филипптин 99 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин 95 жаш мааракесин аза күтүү учуруна туш келди.

Мындай шартта жана коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдү эске алганда, быйыл ханышанын туулган күнү болбойт деп жана Виндзор сепилинде чектелген адамдардын чөйрөсүндө өтөрүү күтүүлүдө.

Белгилей кетсек, 1926-жылы туулган Елизавета II 25 жашында такка отуруп, атасы Георгий VIдан (1895-1952) мураскор болгон. 2015-жылдын сентябрь айында Елизавета II падышалык тактыда отурган мөөнөттүн узактыгы боюнча Викториянын (1819-1901) рекордун ашып, 2016-жылдын 13-октябрында Таиланддын падышасы Пумипол Адульядет (IX Рама) көз жумгандан кийин, ал эң узак убакытта падышалык бийликтин ээси болгон. Елизавета II учурда эң улуу мамлекет башчысы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>