Хижама коронавирусту айыктырабы? Министрликтин жообу – видео

Хижама коронавирусту айыктырабы? Министрликтин жообу – видео

Саламаттык сактоо министрлиги хижама жасатуу менен пневмонияны айыктырса болору тууралуу тарап жаткан билдирүүлөргө жооп берди. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, хижама коронавирусту айыктырары тууралуу медициналык жактан тастыкталган эмес.

 “Алар хижама ыкмасы ооруну дарылайт деп гана айтышпастан «медицина кызматкерлери дагы бул ыкманы туура көрүшүп, колдоп жатышат» деп айтышты. Саламаттык сактоо министрлиги хиджама ыкмасы пневмония жана коронавирусту айыктырары тууралуу тастыкталган эмес деп расмий билдирип кетет. Ошондуктан мындай дарылоо ыкманы жүргүзгөн адамдарга барбаңыздар. Мындай ыкма менен кан аркылуу коронавирус, пневмония гана эмес, вирустук гепатит жана СПИД оорулары да жугушу мүмкүн.”,– деп билдирди Акматова.

 Акыркы күндөрү Кыргызстанда пневмония болуп өпкөсү кагынган адамдарга хижама жасоо менен илдетти айыктырса болору тууралуу видео соцтармактарда тарап жатат. Буга өз кезегинде салттуу медицинанын өкүлдөрү өздөрүнүн каршы пикирлерин билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>