Чүй: Кайыңдыда май ташуучу унаадан өрт чыкты (ВИДЕО)

Чүй: Кайыңдыда май ташуучу унаадан өрт чыкты (ВИДЕО)

Кайыңдыдагы эткомбинатта мунай зат таашуучу цистернадан бензин куюп жаткан учурда өрт чыккан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, цистернанын көлөмү 3 миң кубту түзөт. Өрт саат 20:55те чектөөгө алынып, 21:17 толук өчүрүлдү.

Айдоочу колунан жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда абалы жакшы.

Жергиликтүү куткаруучулар “Каинды Ойл» ишканасынан ЗИЛ-131 үлгүсүндөгү 1 даана өрт өчүрүүчү авто унаасындагы өрттү өчүргөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>