Осло-2021: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңди (ВИДЕО)

Осло-2021: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңди (ВИДЕО)

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова алгачкы жүрүшүндө түштүк кореялык Минжи Ха менен кез келди.

Дүйнө чемпиондугуна 68 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Жуманазарова биринчи бөлүктө 6:0 упай, экинчи бөлүктө атаандашынын артына өтүп, далысын жерге басуу менен таза жеңишти камсыз кылды.

Ошентип, Мээрим Жуманазарова 8:0 менен атаандашын утуп, дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>