Үйдөн алтын соккон ууру 6 айдан соң табылды

Үйдөн алтын соккон ууру 6 айдан соң табылды

8-март күнү Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынан бир үйдөн 80 миң сомдон ашык алтын буюмдарын уурдап кеткен. Ал үйдүн эшиктерин талкалап кирген. 6 ай издөөдөн кийин табылды. Бул туурасында Ак-Суу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы жергиликтүү тургун Т.Э. 6 ай убакыт иликтөөдөн кийин милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын базарларынын биринде уурдалган алтын буюмдардын бири сатылгандыгы жөнүндө ыкчам маалымат түшөт. Аталган маалымат боюнча Ак-Суу райондук милиция Бишкекке келип кылмышка шектүү жарандын жашаган жерин табууга үлгүрүшкөн. Шектүү, Орусияга кетүүгө аракет көрүп жаткан жеринен кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү катары кармалган Т.Э., уурдоо фактысы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>