Казакстан: Журналисттер 1,7 жылдан соң сенат имаратына киришти

Казакстан: Журналисттер 1,7 жылдан соң сенат имаратына киришти

14-октябрда Нур-Султанда сенат жыйыны офлайн-режимде өтүп, ага журналисттер да катышты. ЖМК өкүлдөрү бир жыл жети айдан бери биринчи жолу сенаттын имаратына киришти.

Бул аралыкта коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам Жогорку палата журналисттер үчүн жабык болгон.

«Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, сенат имаратына коронавируска каршы вакцина алган, Ashyq тиркемесинде «коопсуз» деген жашыл түсү бар жана аккредитациядан өткөн журналисттер менен операторлор кире алат. Алар имарат ичинде беткап тагынып жүрүүгө жана социалдык аралыкты сактоого милдеттүү.

— Карантин али бүтө элек. Мурун басма сөз борбору 50-100 адамды кабыл алып турган. Азыр социалдык аралыкты сактоо үчүн бир ЖМКдан бир киши гана келишин талап кылып жатабыз, — деди сенаттын басма сөз кызматынын башчысы Данияр Рамазанов.

Сентябрдын аягында журналисттер коому Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди ЖМК өкүлдөрүнүн парламент жана өкмөт имаратына кирүүсүн камсыздоого чакырышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>