Мүмкүнчүлүгү чектелгендер Глазгодогу саммитке катыша албай калды

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер Глазгодогу саммитке катыша албай калды

Израилдин энергетика министри Карин Эльхарар Шотландияда өтүп жаткан саммитке майыптыгы бар жарандар үчүн шарттары жок болгону үчүн бара алган жок. Бул туурасында ТАСС Израилдин жалпыга маалымдоо каражаттарына таянып жазып чыкты.

Министрдин атайын унаасы бардык коопсуздук пункттарынан өткөрүлбөй, саммиттин уюштуруучулары тарабынан сунушталган маршруттук унаалар талапка ылайык жабдылган эмес, натыйжада министр пландалган жыйындар өтүүчү жерге бара албай калган.

Карин Эльхарар Twitterдеги  баракчасына майыптар үчүн шарттарды түзүп бере албаганы үчүн БУУну сынга алды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>