Чүй: Восток айылына жол кире 15 сом боюнча калды

Чүй: Восток айылына жол кире 15 сом боюнча калды

Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагына караштуу Восток айылына каттап жаткан 254-маршруттук каттам 15 сом бойдон калды. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Жазада Транс»  ЖЧКнын жетекчиси О. Молдобочаев Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Качкынбай уулу, жергиликтүү тургундар калаа бийлигине жолугушкан. Шаардык бийлик айдоочулар өз билемдик менен жол кирени 20 сомго көтөрүп жибергенин аныктап, жол кирени 15 сом боюнча калтырган.

Буга чейин Восток айылынын тургундары 254-маршруттук каттамдын айдоочулары жол кирени 20 сомго көтөргөнүнө нааразылыгын билдирип чыккан эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>