Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болду (ВИДЕО)

Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болду (ВИДЕО)

Айпери Медет кызы Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңди.

Финалдык беттеште колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу спортчу айым менен кез-келип, беттештин алгачкы бөлүгүндө активдүүлүк көрсөтпөдү делинип атаандашка 1 упай ыйгарылды. Ал эми 2-бөлүктө ошол эле упай Медет кызынын пайдасына жазылды. Эсеп 1:1 болду. Бир убакта Айпери Медет кызы атаандашынын артына өтүп 2 упай алды. Эсеп 3:1 менен жеңиш камсыздалды.

Буга чейин Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда америкалык спортчу менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде уткан. Айпери Медет кызы Токиодо өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Жакында эле Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>