Айсулуу Тыныбекова АКШда кыргыздар менен кездешти (ВИДЕО)

Айсулуу Тыныбекова АКШда кыргыздар менен кездешти (ВИДЕО)

Спортчу Айсулуу Тыныбекова учурда Американын Чикаго шаарындагы кыргыздар менен кездешүүдө. Бул туурасында ал өзүнүн инстаграммдагы баракчасына жазды.

Андагы маалыматтарга караганда, Жолугушуу Чикагодогу Кыргыз маданият борборунда өткөн. Өз куттуктоосу менен бөлүшкөн.

“Чикаго шаарында мекендештерибиз менен жолуктум. Жолугушуу Чикагодогу Кыргыз маданият борборунда өттү. Сиздердин коом үлгүлүү экен десем жаңылышпайм! Спортко, маданиятка, биздин каада салттарга салымыңар таң калтырды.

Силердин ынтымагыңарды көрүп жүрөгүм абдан жылып турат.

Мен кайсы өлкөгө барбайын мени мекендештерим жакшы тосуп алып, колдоолорун билдирип жатышат. Алыс жерде жүргөн күйөрмандарыма жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдирем. Чикагодогу жолугушууда жаш муундар да келишти. Кыргызстанга салымын кошкон келечеги кең жаштардан болушсун демекчимин!

Бул жолугушууну уюштуруп берген Жоомарт байкеге терең ыраазчылык билдирем!”- деген өз постунда.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>