Бензин кризиси: Кыргызстандагы күйүүчү май базарындагы абал кандай?

Бензин кризиси: Кыргызстандагы күйүүчү май базарындагы абал кандай?

What’s appтагы популярдуу группаларда жана социалдык тармактарда Бишкекте күйүүчү-майлоочу майларды бир адамга сатууга чектөө киргизилгени тууралуу маалымат тараган. Мындан тышкары күйүүчү майдын жетишсиздигинен айрым май куюучу станциялар толугу менен жабылганы да маалым болгон.

Негизи бул маалымат чындыкка дал келбейт. Кээ бир соода түйүндөрүндө чындыгында дизель майы түгөнүп калганы менен бензин эч кандай чектөөсүз сатылууда.

Күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда болуп жаткан окуялардын фонунда күйүүчү майдын жетишсиздиги тууралуу кеп кокустан пайда болгон жок, тескерисинче, нефтетрейдерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда акыркы аптада бензиндин баасы боюнча талаш-тартыштар болуп жатат.

«Мамлекеттик органдар бензиндин кымбатташын ооздуктоого аракет кылып жатышат, бирок аны көпкө кармай алышпайт. Азыртадан эле күйүүчү-майлоочу майларды сатуу барган сайын азайып баратат. Нефтетрейдерлер рентабелдүү баа азыркы тарифтерге 8-12 сом кошуп жатканын айтышат, бирок мамлекеттик органдар буга макул болбой, баанын көтөрүлүү учурун мүмкүн болушунча создуктурууга аракет кылышууда. Бирок, баалар менен көпкө ойной албайсың, баары бир көтөрүлөт. Же тартыштык болот», — дейт саясат таануучу Денис Бердаков Reporter.kg’ге.

Анын пикиринде, соодагерлердин бааны көтөрүшүнүн объективдүү себептери бар. Биринчиси – бүткүл дүйнөдө байкалган энергетикалык инфляция. Экинчи себеп – Орусия менен Казакстандын мунай иштетүүчү заводдорунун жабылышы. Ошол эле маалда Бердаков бир жылдан кийин, заводдор ачылганда, бензиндин баасы кайра арзандайт, бирок азырынча кымбаттоо боло турган процесс экенин айтат.

«Мамлекеттин баанын өсүшүн кармап турууга жардам берүү рычагдары бар. КНС жокко чыгарылса, баа дароо 12 сомго төмөндөйт, бирок бюджетти толтуруу маселеси туулат», — дейт Денис Бердаков.

Анын белгилешинче, азыр Кыргызстанда күйүүчү май саткандардын көбү өз чыгымын актабай жаткан баанын айынан кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бул биринчи кезекте күйүүчү майды ири жеткирүүчүлөр «Газпром-Кыргызстан» жана «Роснефть» компанияларынан сатып алган чакан компанияларга тиешелүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>