Жалал-Абад: 9 жашар Сумая окууга кеткен боюнча жок

Жалал-Абад: 9 жашар Сумая окууга кеткен боюнча жок

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айылынын тургуну, 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна 2021-жылдын 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болууда.  Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Учурда 9 жаштагы Сумаянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 см, өңү кара тору, чачы кара, кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпир, көк түстөгү куртка, кызгылт түстөгү бут кийими болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>