УКМК мамлекеттик кызматкердин үгүт иштерине аралашканын аныктады

УКМК мамлекеттик кызматкердин үгүт иштерине аралашканын аныктады

2021-жылдын 10-ноябрын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы “С.А.О.” тарабынан “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер “М.Т.А.нын” пайдасына үгүт иштерин жүргүзүү фактысын аныктады. Бул туурасында аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук милициясы бул фактыны 10-ноябрда текшерүүнүн жыйынтыгында “С.А.О.” тарабынан үгүттөө фактылары тастыкталган. Бирок, жоруктар жөнүндө кодексинин 871-беренесинин 2-бөлүгү боюнча текшерүү аракеттери токтотулган.

Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына “С.А.О.” “катуу сөгүш” тартиптик жазасын жарыялады.

УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек ш.), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

  • Чуй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>