Oмикрон: Биринчи симптом байкалса кайда кайрылуу керек?

Oмикрон: Биринчи симптом байкалса кайда кайрылуу керек?

Эгерде сизде оорунун белгилери пайда болсо, жашаган жериңиз боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, үй-бүлөлүк дарыгерге же 118 ишеним телефонуна кайрылуу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, министрлик COVID-19га каршы эмдөөлүүгө жана дельта жана омикрон илдеттерин жуктуруп алуу коркунучун эффективдүү азайтуучу профилактикалык чараларды көрүүгө чакырат:

  • башкалардан 1 метр аралыкты сактоого;
  • өзүнө туура келген маска кийүү;
  • Үйдүн терезелерин ачуу, желдетүү;
  • колду тез-тез жууп туруу;
  • колго же кол аарчыга жөтөлү же чүчкүрү. Колдон келишинче абага жайылтпоо;
  • эмдөө.

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда омикрон штамы аныкталганын билдирген.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>