Шайлоо – 2021: БШК мандаттардын аймактарын бөлүштүрдү (тизме)

Шайлоо – 2021: БШК мандаттардын аймактарын бөлүштүрдү (тизме)

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу шайлоочулардын санына жараша өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин  шайлоо округдарын аныкташты. Ош шаары менен Ош облусунун округдары бөлүштүрүлө элек. Ал эми калган облус шаарлардагы  Жогорку Кеңешке талапкерлердин болжолдуу шайлоо аймактары төмөндөгүдөй болот:

Бишкек

  • Ленин округу — 110  миң  719 шайлоочу;
  • Биринчи май округу ( Биринчи май району толугу менен, Ленин районунан 9 шайлоо тилкеси кошулат.) — 109 миң 181 шайлоочу;
  • Свердлов  округу ( Свердлов району толугу менен,  Октябрь районунан 2 шайлоо тилкеси кошулат)  — 103 тысяч 113 избирателей;
  • Октябрь округу — 104  миң 995 шайлоочу .

Баткен облусу

  • Лейлек округу (Лейлек району жана  Сүлүктү шаары толугу менен) — 90 миң 432шайлоочу;
  • Баткен округу (Баткен району толук.   Кадамджай районунун айрым шайлоо тилкелери кошулат) — 102 миң  592 шайлоочу;
  • Кызыл-Кыя округу (Кызыл-Кыя толук.  Кадамжай районунун айрым шайлоо тилкелери кошулат) — 113 миң  928 шайлоочу.

Талас облусу

  • Талас округу  (Талас району толугу менен, Бакай-Ата  районунун айрым шайлоо тилкелери кошулат) — 80 миң 127 шайлоочу;
  • Бакай-Ата округу  (Бакай-Ата районунун бир бөлүгү. Кара-Буура жана Манас району толугу менен) — 82 миң 577 шайлоочу.

Нарын облусу

  • Нарын округу (Ат-Башы, Нарын райондору жана Нарын шаары толугу менен) — 104 миң 620 шайлоочу;
  • Кочкор округу (Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал  райондору толугу менен) — 103 миң 34 шайлоочу.

Ысык-Көл облусу

  • Балыкчы округу (Балыкчы шаары жана Ысык-Көл району толугу менен) — 87 миң 511 шайлоочу;
  • Каракол округу (Каракол шаары, Ак-Суу, Түп райондору толугу менен) — 128 миң 677 шайлоочу;
  • Жети-Өгүз округу  (Жети-Өгүз жана Тоң райондору толугу менен) — 101 миң 61 шайлоочу;

Чүй облусу

  • Кемин округу (Кемин, Чүй райондору, Токмок шаары толугу менен) — 114  миң 32 шайлоочу;
  • Ысык-Ата округу (Ысык-Ата району толугу менен) — 96 миң 386 шайлоочу;
  • Аламүдүн округу (Аламүдүн району толугу менен) — 110 миң 709 шайлоочу;
  • Сокулук округу (Сокулук районунун бир бөлүгү) — 99 миң 470 шайлоочу;
  • Москва округу (Москва району толук. Сокулук районунун бир бөлүгү) — 87 миң 380 шайлоочу;
  • Жайыл округу (Жайыл, Панфилов  райондору толугу менен) — 97 миң 698 шайлоочу;

Жалал-Абад облусу

  • Токтогул округу (Токтогул району, Кара-Көл шаары толугу менен, Таш көмүр шаарынын бир шайлоо тилкеси) — 98 миң 329 шайлоочу;
  • Аксы округу (Аксы району толугу менен, Таш-Көмүр шаарынан бир шайлоо тилке) — 81 миң 934 шайлоочу;
  • Ала-Бука округу (Ала-Бука, Чаткал райондору толугу менен) — 80 миң  285 шайлоочу;
  • Ноокен округу ( Ноокен району жана Майлуу-Суу шаары толугу менен) — 95 миң 501 шайлоочу;
  • Базар-Коргон округу (Базар-Коргон шаары жана Базар-Коргон менен Тогуз-Торо райондору толук) — 113 миң 639 шайлоочу;
  • Жалал-Абад округу (бүтүндөй Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун Барпы, Ырыс, Таш-Булак, Ленин айылдары)  — 106 миң 501 шайлоочу;
  • Сузак округу (Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак, Көк-Жаңгак айыл аймактары) — 112 миң 100 шайлоочу;

Мындан Ош шаары менен Ош облусунун шайлоо округдары такталып бүтө элек. Бирок, Ош облусунда 7, Ош шаарында 2 округ болоору чечилген. Учурда округдарды бөлүштүрүү иштери жүрүүдө.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Эл өзүн-өзү көрсөткөн 36 депутатты, саясий партиялар менен барган 54 депутатты тандайт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>