Москва: Ур-токмоктон каза болгон мигранттын сөөгү табылды

Москва: Ур-токмоктон каза болгон мигранттын сөөгү табылды

Москвада денесинде ур-токмоктун белгилери бар мигранттын сөөгү табылды. Бул тууралуу 6-сентябрда «Известия» гезити кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, маркумдун сөөгүн көчөдөн өтүп бараткан адамдардын бири көрүп калган. Анын жанынан Өзбекстандын 1990-жылы төрөлгөн жаранынын документтери табылган.

Болжолдуу кароонун жүрүшүндө мигранттын башында сыйрылган жерлери, колунда шишиктер жана оозунда бышкан кыштын бөлүгү табылган. Анын сөөгү болжол менен каза болгондон эки сутка өткөндөн кийин табылган.

Учурда жергиликтүү полиция бөлүмүнүн кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныктоо менен алектенип жатышат.

Августтун аягында Санкт-Петербург шаарындагы кондитердик дүкөндүн дааратканасында 39 жаштагы өзбекстандык келиндин сөөгү табылган. Ал аталган дүкөндө сатуучу болуп иштечү. Полициянын маалыматы боюнча келин көкүрөк тушуна бычак менен сайылган көптөгөн жаракаттардан улам каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>