2021-окуу жылы: Форма жана линейка. Эмне кеп?

2021-окуу жылы: Форма жана линейка. Эмне кеп?

Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, мектептеги салтанаттуу линейканы өткөрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүү жүргөндө, министрлик линейка ачык абада, мектептин короосунда өтүүсүнө каршы эместигин билдирген.

“Кайсы бир региондо аба ырайы начар болуп калса, анда мектептин жыйын залында графикке ылайык өтүшү керек”, — деди Жусупбекова

Ошондой эле ал класттарда санитардык нормалар сакталышы талап кылынаарын жана Бишкекте окуучулар бет капты милдетүү түрдө тагынышарын баса белгиледи.

“Бала үйдө өзүн жаман сезсе, анда ал бала-бакчага, мектепке же Жогорку окуу жайларында  барбастан дароо дарыгерлерге кайрылышы керек. Бүгүнкү күндө мугалимдердин 70 пайызы эмдөөдөн өттү. Дагы бир-эки күн бар, вакцина алуу иштери уланууда. Ал эми окуучулар форма кийишсе болот. Эгер жок болсо биз мектеп формасын талап кылган жокпуз”,- деп кошумчалады ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>