Кыргызстан Ооган кырдаалы боюнча пикирин билдирди

Кыргызстан Ооган кырдаалы боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинде Ооганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Ооганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди.

Ал биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи.

Аны менен бирге ал кыргыз тараптын Ооганстан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын айтты.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы Афганстандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

«Биз Ооганстандын кырдаалдан тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», — деди Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>