COVID-19. Акыркы суткада 8 миң 284 адам эмделди

COVID-19. Акыркы суткада 8 миң 284 адам эмделди

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 284 адам эмдөөдөн өттү.

Республикалык штабдан маалымдашкандай, эмделгендердин ичинен 3 миң 897 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 387 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 764 миң 437 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 565 миң 822 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>